Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ошто төрөлгөн төрт эм ымыркайга 100 000 сом сүйүнчү берди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы 7-каналга билдирди.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 17-май күнү Зиядин Жамалдинов Ош облустук төрөт үйүндө жарыкка келген төрт эм ымыркайдан кабар алды. Облус башчысы ымыркайдын ата-энесин куттуктап 100 миң сом сүйүнчү берди.
Эске салсак, 2-май күнү Кара-Суу районунун 1990-жылы туулган тургуну төрт эм ( эки уул, эки кыз) ымыркай төрөгөн.
Учурда ымыркайлардын жана энесинин абалы жакшы экендиги жана үйүнө чыгарылып, алардын ден-соолугу дарыгерлердин көзөмөлүндө болоору айтылат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram