7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто жылдын мыкты мугалимдерине унаалар тапшырылды

753

Жылдын мыкты мугалими жана тарбиячысы кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалар тапшырылды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында “Жылдын мыкты мугалими-2023” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы-2023” кароо-сынагынын финалдык бөлүгү болуп өттү. Аталган кароо-сынактын финалында шаар мектептеринин, бала бакчалардын 6 мугалими жана 6 тарбиячысы мыкты деген наам үчүн ат салышып, презентациялар, окуу процессиндеги оор кырдаалдан чыгуу жолдору жана таланттар сынактары боюнча таймашышты.

Иш-чаранын ачылышына жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Аматова жана билим берүү кызматкерлери катышты.

Сынактын жыйынтыгы менен Ош шаары боюнча «Жылдын мыкты мугалими-2023» номинациясында жеңүүчү деп №37 Г.Айтиев мектебинин мугалими Элнура Алекова аталды, ал эми «Жылдын мыкты тарбиячысы-2023» номинациясында «№35 Асан-Үсөн балдар бакчасынын тарбиячысы Мээрим Тыныбекова жеңүүчү деп табылды.

Калган катышуучуларга акчалай сыйлыктар, ыразычылык барактар жана дипломдор ыйгарылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

754