7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оштогу сел: Каза болгон аялдын артында жети баласы калды

440

Ош шаарынын борбордук базарында сел агызып каза болгон 39 жаштагы Айнагүлдүн артында жети баласы калды. Алардын алтоосунун жашы жете элек. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Укук коргоо уюмунун Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү каза болгондордун жакындары менен жолугуп, туугандарына укуктук жана юридикалык колдоо көрсөтүүдө.

Маркумдун сөөгү 2 күндөн кийин Өзбекстандын аймагынан табылды. Күйөөсү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон аялынын жасаты табылганча суу каналдарын ачпай туурууну өтүнгөн.

Эске салсак, 14-июлда болгон селде 5 киши көз жумду. Алардын төртөө — бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон.

 

 

441