Ош шаарынын борбордук А. Сүйүнбаев атындагы стадиондун отургучтарынын үстүн жабуу иштери дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Аны менен бирге стадиондун кире беришине таман таштар төшөлүп, жарыктандыруусу жана чуркоо аянтчасы, гибриддик футбол талаасы эл аралык талаптарга ылайык келтирилет.
Жумуштарды шаар күнүнө карата бүткөрүү пландалууда.