7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оштон зыяратчылар келерки аптадан тарта уча баштайт

546

«Ош» эл аралык аэропорту зыяратчыларды ажылык сапарга узатууга даярданууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААК билдирет.

«Манас» эл аралык» ААКтын «Ош» филиалынын директору Тимурлан Маданбеков Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов менен жолукту.

Жолугушуунун алкагында 2024-жылкы зыяратчыларжы ажылык сапарга «Ош» эл аралык аэропорту аркылуу учуу-каттамдары талкууланды. Ошондой эле ажылык сапарга узатуу жана тосуп алуу маселеси каралып, зыяратчыларды көзөмөлдөө Ош шаардык казыятка жүктөлгөнү айтылды.

Азыркы маалда «Ош» эл аралык аэропорту тарабынан ажылардын алгачкы тобун сапарга узатууга, каттамдарды уюштурууга кызуу даярдык жүрүүдө.

Белгилей кетсек, «Ош» эл аралык аэропортунан ажылык сапарга каттам 31-май күнү башталмакчы.

547