7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр: Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр, жолуңар ачык, келечегиңер кең болсун!

458

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева окуучуларды, бүтүрүүчүлөрдү жана ата-энелерди окуу жылынын аякташы менен куттуктады.

Министрдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр, сүйүктүү окуучулар, кадырлуу кесиптештер жана урматтуу ата-энелер!

Баарыңыздарды окуу жылынын ийгиликтүү аякташы, “Акыркы коңгуроо” салтанаты менен чын дилимден куттуктайм!

Бүтүрүүчүлөргө билим жолунда багыт көрсөткөн мугалимдердин күжүрмөн аракетин, талыкпас эмгегин баса белгилеп, ак эмгегиңиздер үчүн ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирем!

Өлкө жетекчибиз Садыр Жапаров тарабынан балдарыбыздын жаркын келечегин түптөө үчүн чоң аракеттер, колдоолор жасалууда. Алсак, акыркы үч жылда 300дөн ашуун мектеп салынып, пайдаланууга берилди.

Алдыда мамлекет башчыбыздын чечкиндүү кадамдары менен билим берүү системасын чоң өзгөрүүлөр күтүп турат. Бардык аракеттер ар бир баланын татыктуу, заманбап билим алуусуна багытталууда.

Быйыл өлкө боюнча 9-классты 128 миңден ашуун, 11-классты 73 миңден ашуун улан-кыз аяктап жатат.

Урматтуу бүтүрүүчүлөр!

Бүгүн ар бир бүтүрүүчүгө кыялдарын жана максаттарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген турмуштун жаңы барагы ачылып турат.

Силер – жаркын келечектин ээлери, жаратуучуларысыңар! Андыктан өлкөнүн жаратман, эмгекчил, билимдүү инсаны болгула!

Жолуңар ачык, келечегиңер кең болсун!

Сапарыңар байсалдуу болуп, кыялдарыңар ишке ашсын!”

459