7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров бүтүрүүчүлөрдү “Акыркы коңгуроо” салтанаты менен куттуктады

333

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда, мектеп бүтүрүүчүлөрүн “Акыркы коңгуроо” салтанаты менен куттуктады. Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан “Акылман — билим дүйнөсүндө” аттуу иш-чарада Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөргө кайрылды.

“Бүгүн өлкөбүздүн бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өтүп жатат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, билим уясынан турмуш сапарына канат каккан бүтүрүүчүлөргө дагы ак жол каалай кетейин!

Бул күн бүтүрүүчүлөрдүн ар биринин жеке жашоосунда эстен кетпей турган эң маанилүү күн! Билим алган мектеп, таалим-тарбия берген мугалимдер менен коштошуп, турмуш жолуна аттанууга акыркы коңгуроо кагылып турат.

Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр!

Силер турмуштун даңгыр жолунда өз ордуңарды таап, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө салым кошуу менен коом алдында жоопкерчилик алууга даяр болушуңар зарыл.

Адам баласынын жашоосунда кесип тандоо – өтө маанилүү маселе! Мен силердин „Жети өлчөп, бир кесип”, жеке мүмкүнчүлүк, жөндөмүңөрдү байкап, каалооңор менен акыл көрөңгөңөр туура келген кесипти тандооңорго тилектешмин. Кандай кесипти тандасаңар дагы ата-энеңер, агай-эжейлериңер сыяктуу мен дагы албан-албан ийгиликтерди жаратышыңарды каалайм. Себеби силерге бүткүл өлкө, жалпы журтубуз үмүт артып турат! 

Мектептен таалим-тарбия алып, терең билим топтоо менен аттанган сапарыңар байсалдуу болсун!” – деди президент.

334