7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оштун «смотрящийи» алдамчылыкка шектелип кармалды

532

Ошто криминалдык чөйрөнүн түшүнүгүн карманган “смотрящий” алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Ош облусунун жашоочусу арыз менен кайрылып, аны алдап кеткенин айтып мыйзамдуу чараларды көрүүнү суранган.

Окуя 2019-жылы болгон. Ош базарындагы унаа базарында унаанын ээсине бир жаран келип, анын унаасын алууга кызыктар экендигин айтып, ишенимине кирген. Баасы 200 миң сомдук «Ауди-А6» үлгүсүндөгү унааны бир аз гана акчасын берип, жакынкы күндөрү калган суммасын алып келип берүүнү убадалап, ошол бойдон жоголуп кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмү (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында шектүү катары Оштун жашоочусу 1983-жылы туулган М.З. кармалган. Ал мурда соттолгон жана криминалдык чөйрө менен байланышы бар. Кармоо иш-чарасы Бишкек шаарынан жүргүзүлгөн.

Учурда Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

533