7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Пакистандык жаранды сабоо боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды

371

«ЗиЛ» тоо-лыжа базасында Пакистандын жараны сабалганы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматына караганда, окуя болгон күнү милицияга тоо-лыжа базасында мушташ чыккандыгы жөнүндө чакыруу келип түшкөн. Ал жерге Ысык-Ата РИИБдин ыкчам тергөө тобу барган. Аларга 2000-жылы туулган З.А. аттуу чет өлкөлүк жаран арыз менен кайрылып, аны сабаган белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган.


Бул факт КЖБРга Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси (Майда ээнбаштык) менен катталган.


Мушташтын бир катышуучусу милицияга арыздануучу (чет өлкөлүк жаран) алардын буюмдарын аңтарып жатканын көрүп калганын билдирген. Андан кийин чыр чыгып, мушташып кетишкен. Учурда тергөө уланууда.


Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда чет өлкөлүк жаранды сабап жатышкан видео тараган. Видеонун автору билдиргендей, окуя 17-январда болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

372