Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары — санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев эки айга УКМКнын абагына киргизилди. Бул тууралуу, Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Дыйканбаев «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашырып жаткан чет элдик компаниянын өкүлүнөн пара алды деп шектелип жаткан.
Эскерте кетсек, аны камакка алуу чечими кечээ кабыл алынган.