28-ноябрда боло турган Парламенттик шайлоого 90 депутат шайланып келүү керек. БШК кечээ, 13-октябрь бир мандаттуу округдан талапкерлердин документин каттоону токтотту. Жалпысынан 381 таларкер бир мандаттуу округдан ат салышуу ниетин билдирген.
Ал эми партиялардын катышуу боюнча билдирүүсү 18-октябрга чейин кабыл алынат. Азырынча 23 партия курултай өткөрүп, тизмесин бекитип, катышуу ниетин билдирүүдө. Ал эми БШКга “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата-Мекен”, “Ишеним”, “Ынтымак” жана “Улуттар Биримдиги” партиялары талапкерлеринин тизмесин каттоодон өткөрүү үчүн документтерин тапшырган.
Партиялардын тизмеси:
- “Улуттар Биримдиги” партиясы;
- “Ишеним” партиясы;
- “Альянс” партиясы;
- “Кыргызстандын жашылдар партиясы” партиясы;
- “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия”;
- “Ата Мекен” партиясы;
- “Ыйман Нуру” партиясы;
- “Эл үмүтү социалдык саясий партия”;
- “Азаттык” партиясы;
- “Ынтымак” партиясы;
- “Ак Асаба” партиясы;
- “Күчтүү регион” партиясы;
- “Бүтүн Кыргызстан” партиясы;
- “Аруузат – Эл Куту” партиясы;
- “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы;
- “Мекенчил Эл” партиясы;
- “ОРДО” партиясы;
- “Багыт” Кыргызстандын либералдык-демократиялык партиясы”
- “Жашасын Кыргызстан” партиясы;
- “Улуу-Журт” партиясы;
- “ЛЕГАЛАЙЗ” партиясы;
- “Кыргызстандын прогрессивдүү жаштар партиясы”;
- “Социал-демократтар” партиясы.