7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Балта мэриясынын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

484

Кара-Балта шаарынын мэриясынын бөлүм башчысы  пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын октябрь айынын ортосунда ИИМдин Тергөө кызматына кызмат адамы пара талап кылып жаткан факты боюнча чара көрүү өтүнүчү менен Чүй облусунун тургуну кайрылган. Кара-Балта шаарынын мэриясынын кызматкери жер маселесин чечип берүү жана коммерциялык объекттин оң чечилишине көмөк көрсөтүү максатында бир нече айдан бери 2миң  доллар өлчөмүндө акча талап кылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Опузалап пара талап кылуу) негизинде кылмыш иш козголгон.

Ыкчам иш чаранын натыйжасында уюшкан  топтор мыйзамсыз каржылоого бөгөт коюу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармашты.

Шектүү Кара-Балта шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн биринин башчысы болуп иштеп келген.

Кармалган жаран К.Т. Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, соттун чечими менен кармалган жаранга карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Учурда пара талап кылуу фактысы иликтенүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

485