7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновду кабыл алды

557

 

Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматты  билдирди.

Жолугушууда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана уюштуруу, экологиялык шарттар жана экономикалык абалды жакшыртуу жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча чаралар талкууланды.

Улукбек Марипов жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону таза жана ачык өткөрүү үчүн бардык чараларды көрүү керектигин белгилеп, административдик ресурстарды колдонууга жол берилбестигин кошумчалады.

Өкмөт башчы жакында курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушканын кошумчалап, анда алар көйгөйлөрүн айтышканын айтты. «Бул жыйында көтөрүлгөн маселелерди көзөмөлгө алуу керек. Биз курулуш тармагына жардам беришибиз керек», — деди премьер-министр.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын инфраструктурасын өркүндөтүү жана экологиялык тазалыгын эске алуу менен, коомдук электр транспорту киргизүү үчүн гранттык жардамды тартуу маселелери дагы талкууланды.

 

558