7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жарандарды активдүү добуш берүүгө чакырды

306

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда Ош облусунун жаңы түптөлгөн Жаңы-Барак айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда жарандарга кайрылып, алдыда боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жигердүү катышууга чакырды.

Мамлекет башчысы бул саясий иш-чаранын өлкөбүздүн алдыга жылышындагы маанилүүлүгүн айтып, добуш берүү жарандык милдетти аткаруу эле эмес, шайлоого катышуу маданиятын да калыптандыруу экенин белгиледи.

Ал жергиликтүү кеңеш деп кайдыгер карабай, жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөрдү көтөрүп, элге кам көрө турган талапкерлерди колдоо зарылдыгына көңүл бурду.

Президент жарандарды өз конституциялык укуктарын пайдаланууга чакырып,  шайлоого активдүү катышуу  — коом турмушуна кошкон салым экенин белгилей кетти.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы шайлоо системасын автоматташтыруунун аркасында добуш берүү процесси ачык-айкын жана ишенимдүү болуп калганын айтты.  Ал киргизилген жаңычылдыктар манипуляция жасоого тобокелдиктерди жараткан процедураларды жокко чыгарууга мүмкүндүк бергенин эске салды.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле жарандарды добуштарын сатпоого чакырып, мындай аракеттер жакынкы беш жылда өлкөнүн тагдырына таасир этиши мүмкүн экенин айтты.

Ал адилет шайлоо ар бир адамдын катышуусун талап кылаарын белгилеп, шайлоочуларды сатып алуу аракеттерине каршы турууга чакырып, татыктуу депутаттарды шайлоо үчүн жарандардын колдоосу абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

 

307