7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент «Алтын Балалык» реабилитациялык комплексиндеги курулуштан кабар алды

499
Бүгүн, 30-октябрда Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Алтын Балалык» медициналык-реабилитациялык комплексине барды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы комплекстин ишмердиги менен таанышып, медициналык имаратты жана палаталарды, курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыккан.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымдагандай, комплекс өлкөнүн алыскы аймактарынан келген балдардын жана энелердин, жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ден соолугун калыбына келтирүү жана чыңдоого ылайыкталган. Курулуш иштери 2004-жылы башталып, бирок токтоп калган.
8 блоктон турган имаратта  аллергологиялык, онкологиялык, пульмонологиялык, акушердик-гинекологиялык, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика жана неврологиялык бөлүмдөр орун алат. Ошондой эле, комплексте уктоочу бөлүмдөр, клиникалык лабораториялар, тамактануучу, кир жуучу жай жана магниттик-резонанстык томография орнотуу каралган.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун 10 орундуу балдар соматика бөлүмү ачылган.

Комплекстин жайгашуусу Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги климаттык жана бальнеологиялык шарттарды эске алуу менен тандалган. Инновациялык кардиохирургия борбору ийгиликтүү иштеп жатат, анда кайрымдуулук фонддорунун эсебинен жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган беш бейтапка бекер операция жасалган.
Жакынкы аралыкта Адам репродукциясы илимий борборунун адистери консультациялык-диагностикалык бөлүмдө гинекологиялык оорулары бар аялдарды кабыл алып, кеңеш беришет. Мындан тышкары, беш бөлмө: УЗИ кабинети, манипуляциялык кабинет, дарылоо бөлмөсү жана аялдарды кабыл алуу үчүн эки дарыгерлер бөлмөсү ишке киргизилет.
Эгер комплекс толук ишке кирсе, бир эле убакта 500 энеси бар баланы, анын ичинде чет өлкөлөрдөн келгендерди да кабыл ала алат.
«Биздеги эң баалуу нерсе бул — балдарыбыз. Жаш жарандарыбыздын ден соолугуна кам көрүү бул — бүтүндөй өлкөнүн ийгиликтүү келечегинин пайдубалын түптөө», — деген өлкө башчысы  курулуш иштерин тездетип, медициналык реабилитациялык комплексти 2022-жылдын 1-июнуна чейин бүтүрүүнү жана пайдаланууга берүүнү тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

500