7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Ат-Башынын элине жолугуп, соода-логистикалык борборун курууга макулдугун алды

1034
Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушту.
Ошону менен катар Ат-Башы районунун аймагына соода-логистикалык борборун куруу боюнча долбоор талкууланды. Мамлекет башчысы облустун экономикасынын кыймылдаткычы боло турган аталган долбоордун маанилүүлүгүн түшүндүрүп, эл менен кеңешүүгө келгенин айтты.
«Бүгүнкү күндө бул долбоорду ишке ашырууга ар кайсы өлкөлөрдүн инвесторлору каражат салууга даяр жана бул жерде көптөгөн товарларды чыгара турган өнөр жай, текстиль жана башка ишканалар жайгаша баштайт. Инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдө биринчи кезекте жергиликтүү элдин пикири эске алынат, Ошондуктан мен сиздер менен кеңешүүгө келдим«, -деди өлкө башчысы  Садыр Жапаров.
Соода-логистикалык борбордун курулушу менен 30 миңге чейин жаңы жумуш орундары түзүлөөрү күтүлүүдө.
Ал эми райондун тургундары жер бөлүп берүү маселесин өз убагында чече албаган жергиликтүү бийликтин натыйжасыз ишинен улам, буга чейин аталган долбоорду ишке ашырууга каршы чыгып келишкенин белгилешти.
Жергиликтүү эл жалпысынан индустриалдык соода-логистикалык борбордун курулушун колдошорун билдиришип, ошону менен бирге калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгына көңүл бурушту.
Жыйында Президен жакынкы мезгилде Нарын облусун өнүктүрүү фондун түзүү боюнча чечим тууралуу кеп кылып, ага жыл сайын «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын дүң пайдасынан 0,6% которуларын айтты. Бул каражаттар аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1035