7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Акылбек Жапаровго, Эдил Байсаловго жана бир катар жетекчилерге сөгүш жарыялады

332

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан орто мектептердин мугалимдери үчүн сапатсыз ноутбуктарды сатып алууда жүктөлгөн эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн төмөнкүлөргө:

– Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровго;

– Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго;

– Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага;

– Билим берүү жана илим министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаевага;

– Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары – тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы Жипариса Рысбековага;

– Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Медербек Омурбековго сөгүш берилди.

333