7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Чоң унаа айдагандан кийин, чоңдордой жүрсө болмок». Айдоочуга айып пул салынды

480

ЖКККББнын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кызмат өтөп жаткан учурда, Жукеев-Пудовкин жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен «Mercedes-Benz G-Class» үлгүсүндөгү унааны мыйзамсыз караңгылатып алган терезеси үчүн токтотушкан.

Текшерүү учурунда унаанын айдоочусу маселени жеринде чечүүгө аракет кылып, тааныштарына чалган. Бирок кызматкерлер мыйзамсыз караңгылаткан терезени жеринен сыйрып, 20 миң сом айып салышкан.

«Урматтуу айдоочулар унааңыздарга кошумча жабдыктарды мыйзамдуу түрдө орнотуңуздар. Жасаган укук бузууларыңыздарга ар кимге чалып суранбай, кызматкерлердин убактысын албай, өзүңүздөр татыктуу жооп бериңиздер же жөн эле жүрүңүздөр»,- деп эскертет ЖКККББ.

481