7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 80 жылдык мааракесине катышты (ФОТО)

961

Бүгүн, 12-майда президент — Куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысы Садыр Жапаров Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы департаменттин жеке курамы менен саламдашып, 80 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Президент куттуктоосунда 80 жыл аралыгында аскердик антка бекем турган жоокерлер абийир менен ар-намысты бийик сактап, мыйзамдуулуктан тайбай, мамлекет тарабынан тагылган маанилүү милдеттерди так аткарып, күзөттө туруп келе жатканын белгиледи.

 

Садыр Жапаров кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаментинин түзүлгөн күнүнүн 80 жылдыгына байланыштуу мекеменин төмөнкү кызматкерлерине алкыш жарыялады:

  • Талайбек Жуматаевге  — начальниктин биринчи орун басары — штабдын начальниги;
  • Зауре Алыбаевага — жалпы бөлүмдүн начальниги;
  • Жолдош Кызаевге — 1-саптык батальондун штабынын начальнигинин жардамчысы — коштоп жүрүү боюнча атайын багыттагы топтун командири.

Андан соң  департаменттин өздүк курамын салтанаттуу өттүсү  болуп, андан соң мамлекет башчысы ардагерлер менен баарлашты.

Ошондой эле, президент департаменттин музейи менен таанышып, ардактуу коноктор китебине эстелик жазуу калтырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

962