7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: «Кийин чечебиз деп калтырып койсок ошол мезгилде 19 миң гектар жер эмес, 1 сотых жер үчүн да кан төгүлөт»

669

Бул маселеге башыңды оорутпай кийинкиге жылдырып салбайсыңбы дегендер да болду. Бүгүн чечпесек кийин мындай ийгиликтүү келишимге жетиш биз үчүн өтө оорго турат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку кеңештин жыйынында билдирди.

«Бир эле Өзгөн менен маселе чечилип жаткан жок. Бүтүндөй Кыргызстан боюнча 1,5 миң километрге жакын чек ара маселеси чечилип, чекит коюлуп жатат. Урматтуу депутаттар сиздерге кайрылаарым мамлекеттин тагдырын чечүүчү маселеге келгенде жоопкерчиликтүү мамиле кылсаңыздар. Албетте, баарыңарды айткандан алысмын бирок, айрым депутаттар «добуш бербейм, өкмөт менин суранычымды аткарбай жатат, суранган кадрларды кызматка албайт»,-дегендер бар. Эгерде жеке маселебиз менен келсек мейли колдобой эле койгула, ал эми бул маселе мамлекеттин түбөлүк бүтүндүгү. Коопсуздук үчүн кабыл алынып жаткан мамлекеттик маселе. Жеке таарыныч менен мамиле кылган туура эмес. Бул маселеге башыңды оорутпай кийинкиге жылдырып салбайсыңбы дегендер да болду. Жок андай болбойт. Бүгүн чечпесек кийин мындай ийгиликтүү келишимге жетиш биз үчүн өтө оорго турат. Кийин чечебиз деп калтырып койсок ошол мезгилде 19 миң гектар жер эмес 1 гектар жер үчүн кан төгүлөт»,- деди президент.

Белгилей кетсек, бүгүн, 17-ноябрда парламентте Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

670