Бүгүн, 5-майда Садыр Жапаров Конституция күнүнө байланыштуу кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президент жарандарды кабыл алуу жайында, китепкана фондунда, жыйындар залында болуп, ал жерде конституциялык контролду жүзөгө ашыруучу сот бийлигинин жогорку органынын ишине кошкон салымы үчүн жана Конституция күнүнө байланыштуу кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.
Президенттин энчилүү сааты менен төмөнкүлөр сыйланды:
— Конституциялык соттун төрагасынын орун басары Карыбек Дуйшеев; — Конституциялык соттун судьясы Меергул Бобукеева;
-Конституциялык соттун судьясы Жедигер Саалаев;
–Конституциялык соттун экс-судьясы Абдиев Курмантай;
–Конституциялык соттун экс-судьясы Куанбек Киргизбаев;
Президенттин атынан алкыш жарыяланды:
— Конституциялык соттун аппаратынын финансы-чарба бөлүмүнүн башчысы Айзада Бокоевага;
— Конституциялык соттун аппаратынын эксперттик-аналитикалык башкармалыгынын начальниги Кубанычбек Алыбаевге;
— Конституциялык соттун аппаратынын эл аралык байланыштар жана мыйзамдарды салыштырма талдоо бөлүмүнүн башчысы Каныбек Масалбековго;
— Конституциялык соттун аппаратынын эксперттик-аналитикалык башкармалыгынын укуктук жана уюштурууну камсыздоо бөлүмүнүн улук консультанты Уланбек Нурматовго.
Андан соң, Садыр Жапаров Конституциялык соттун кеңешүүчү бөлмөсү менен таанышып чыгып, каалоо-тилектер китебине эстеликке жазуу калтырды.