7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Конституцияны жөнгө салуунун саясий-укуктук чөйрөсү түп тамырынан өзгөртүлдү

490

Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, өлкөнүн Конституция күнүндө Конституциялык сотко барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, имарат менен таанышуу учурунда Конституциялык соттун Төрагасы Эмил Өскөнбаев Мамлекет башчыга сот бийлигинин жогорку органынын иши, сот өндүрүшүнүн процесстери, сот системасын санариптештирүү жана башкалар жөнүндө айтып берди.

Президент жарандарды кабыл алуу жайында, китепкана фондунда, жыйындар залында болуп, ал жерде конституциялык контролду жүзөгө ашыруучу сот бийлигинин жогорку органынын ишине кошкон салымы үчүн жана Конституция күнүнө байланыштуу кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.

Президенттин энчилүү сааты менен төмөнкүлөр сыйланды: 

— Конституциялык соттун төрагасынын орун басары Карыбек Дуйшеев; — Конституциялык соттун судьясы Меергул Бобукеева;

— Конституциялык соттун судьясы Жедигер Саалаев;

–Конституциялык соттун экс-судьясы Абдиев Курмантай;

–Конституциялык соттун экс-судьясы Куанбек Киргизбаев;

Президенттин атынан алкыш жарыяланды:

— Конституциялык соттун аппаратынын финансы-чарба бөлүмүнүн башчысы Айзада Бокоевага;

— Конституциялык соттун аппаратынын эксперттик-аналитикалык башкармалыгынын начальниги Кубанычбек Алыбаевге;

— Конституциялык соттун аппаратынын эл аралык байланыштар жана мыйзамдарды салыштырма талдоо бөлүмүнүн башчысы Каныбек Масалбековго;

— Конституциялык соттун аппаратынын эксперттик-аналитикалык башкармалыгынын укуктук жана уюштурууну камсыздоо бөлүмүнүн улук консультанты Уланбек Нурматовго.

Андан соң, Садыр Жапаров Конституциялык соттун кеңешүүчү бөлмөсү менен таанышып чыгып, каалоо-тилектер китебине эстеликке жазуу калтырды.Ошондой эле, Мамлекет башчысы Конституция күнүнө арналган жалпы республикалык сынакта жеңүүчү болгон үч студентти жеңиши менен куттуктады. Имарат менен таанышкандан кийин Мамлекет башчысы иш-чаранын катышуучуларын жана өлкөнүн бардык жарандарын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгы менен куттуктады.

Президент өзүнүн куттуктоо сөзүндө белгилегендей, 1993-жылы Конституциянын кабыл алынышы жаңы кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыруунун маанилүү этабы болуп саналат, ал аркылуу Кыргызстандын көз карандысыздыгы, сөз эркиндиги жана эл бийлиги сыяктуу принциптерге ээ болдук. Мамлекет башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөнүн Баш мыйзамы канчалаган өзгөрүүлөргө дуушар болгонуна карабастан, өлкөнүн укуктук тутуму 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституциянын пайдубалына таянат.

Садыр Жапаров алгачкы Конституция салган чыйырга ылайык, өлкөбүздө жаңы экономикалык тартиптер жана нравалык баалуулуктар түптөлгөнүн, алар Кыргызстандын дүйнө коомчулугуна тең укуктуу жана толук кандуу мүчө катары кошулушуна өбөлгө болуп бергенин белгиледи. Дал ошондуктан ал 2021-жылдын 11-апрелиндеги Референдумда кабыл алынган Конституцияга 2021-жылдын 5-майында кол койгон.

Президент белгилегендей, жаңы Конституция — коомдогу негизги саясий күчтөрдүн кызыкчылыктарын эске алган, талашып-тартышып олтуруп тактыкка жеткен компромистин үзүрү болду.Бийликти бөлүштүрүү принциби качан гана Конституциялык Сот калыбына келтирилип, анын ыйгарым укуктарын күчөткөн мезгилде гана таасири арта баштады. Адам укуктары менен эркиндиктери эл аралык стандарттарга толук шайкеш келгендей жана реалдуу белгилерге ээ болгондой тутумдаштырылып, иретке келтирилди.

«Конституцияны жөнгө салуунун саясий-укуктук чөйрөсү түп тамырынан өзгөртүлдү. Башкаруунун Президенттик формасына өтүү дагы оңой-олтоң болгон жок, бирок ал демократиялык принциптерден баш тарттык дегенди туюндурбайт. Элдин тандоосу ушундай болду. Башыбыздан кечирген оош-кыйыш жылдардын тажрыйбасы көрсөткөндөй, өлкөбүздү жоопкерчилик менен башкарууга мезгил жетти. Ошону менен бирге, элибиздин кылымдарды карыткан тарыхын урматтап, кеңири ыйгарым укуктарга ээ Элдик Курултай демократиялык институтунун киргизилиши калкка өз бийлигин түздөн-түз жүзөгө ашырууга шарт түзөт  дегенди түшүндүрөт. Баш мыйзамга ылайык  конституциялык түзүлүштүн негизи болгон адам укуктары менен эркиндиктери, жеке менчик, экономикалык ишмердиктин эркиндиги сыяктуу баалуулуктар укуктук, демократиялык мамлекеттин өзөгүн түзөт жана ал Конституциялык Соттун коргоосунда болот», — деп белгиледи мамлекет башчысы өз сөзүндө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

491