7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Коргоо министрлигинде кадрларды алмаштырды

739

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемелерге ылайык Коргоо министрлигинде бир катар дайындоолор жүргүзүлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тердикбаев Эрлис Джекшенович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Мукамбетов Руслан Мустафаевич Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын начальниги – коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду.

Ибраев Акылбек Омукеевич коргоо министринин орун басары кызматынан бошотулду.

Карасартов Алмазбек Оганович коргоо министринин орун басары кызматына – Куралдуу Күчтөрдүн Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгынын командачысы болуп дайындалды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

740