7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Коргоо министрлигинин Ысык-Көлдөгү тактикалык машыгууларына көз салды (ФОТО)

579

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Коргоо министрлигинин Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы полигонунда пландалган тактикалык машыгууларга көз салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Машыгуулардын жүрүшүндө Коргоо министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн чет жакадагы жана калктуу конуштагы мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү бөгөт коюп, жок кылуу боюнча көрсөтмөлүү практикалык аракеттери чагылдырылды.

Бир нече эпизоддорго бөлүнгөн аракеттерди көрсөтүүгө  200гө жакын өздүк курам, 30га чейин автоунаа, бронетранспорттук жана атайын техника, замбирек жана минометтук артиллерия, армия жана аскердик транспорттук авиациялык техника тартылган.

Президент Садыр Жапаров Коргоо министрлигинин бөлүмдөрүнүн өздүк курамы күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда практикалык көндүмдөрдүн жана аскердик чеберчиликтин, аракеттердин ырааттуулугунун жогорку деңгээлин көрсөткөнүн белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

580