7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент курултайда каржы министрине бир катар тапшырмаларды берди

344

Банк секторундагы чыгымдарды кыскартуу үчүн банк кызматтарын санариптештирүүнү ыкчамдатышыңар керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда жасап жаткан кайрылуусунда билдирди.

«Ушул кайрылуумда айрым тармактарга тиешелүү тапшырмаларды бере кетүүнү да туура көрүп турам. Экономика жана коммерция министрлиги чукул арада ишкерликти өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыяларды берүү мүмкүнчүлүгү менен чакан жана орто ишкерликти колдоо боюнча атайын чараларды иштеп чыккыла. Өлкөнүн бардык банк секторунун өкүлдөрүнө да кайрыла кетейин. Банктардын ишкерлерге насыя берүү учурундагы “сүткорлук” ыкмасы – бул насыялардын күрөөсүнө гана көңүл бурулуп жаткандыгын өзгөртүш керек. Банктар инвестор катары иш алып барып, материалдык күрөөнү гана эмес, келечектүү бизнес-моделдерди баалашы керек. Ошол эле учурда ишкерлерди узак мөөнөттүү насыялар менен гана эмес, алардын учурдагы ишмердүүлүгү менен өнүгүшүн колдоо үчүн зарыл болгон каражат менен да камсыз кылуулары кажет. Ошондой эле, банк секторундагы чыгымдарды кыскартуу үчүн банк кызматтарын санариптештирүүнү ыкчамдатышыңар керек. Бул багытта Улуттук банк, Экономика жана коммерция министрлиги тез арада ишкерлердин керектөөлөрүнө багытталган финансы системасын модернизациялоо маселесин иштеп чыккыла»,- деди өлкө башчы.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

345