7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент кыргыз паспорт алуу тартибин жеңилдеткен жарлыкка кол койду

1452

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгын алуу тартибин жөнөкөйлөтүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.

Ага ылайык,

  • чет өлкөдөн же СССРдин учурунда алган паспортунун, кайрылман күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтү бүтүп калгандар,
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок, жоголуп кеткен же жарактан чыккандар,
  • 18 жашка чыгып, бирок ар кандай себептерден улам Кыргызстандын жарандыгын ала электер,
  • Кыргызстанда төрөлүп, ата-энеси жарандык алганга чейин эрезеге жеткендерге Кыргызстандын жарандыгы жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте берилет.

Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин маалыматына караганда, өлкөдө беш миңдей этникалык кыргыздар ким экенин аныктаган документи жок жүрөт. Ушундан улам алар укуктук макамга ээ боло албай, медициналык тейлөө, социалдык жеңилдиктерден кыйналып келишет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1453