7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент кыргыз-тажик чек ара чырында талкаланган Максат айылына барды

695

Президент кыргыз-тажик чек ара чырында талкаланган Максат айылына барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, чек ара маселесин чечүү тууралуу кененирээк токтолуп, талкаланган объектилерди, анын ичинде өрттөлүп кеткен мектепти көрүп, ошондой эле турак-жай имараттарынын жана билим берүү объектилеринин курулушу, атап айтканда, 100 орунга эсептелген 2 кабаттуу жаңы бала бакчанын долбоору менен таанышты.

Анын айтымында, бул маселенин чечилиши аймактын социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсүнө түздөн-түз байланыштуу. Ошондой эле, ар бир жергиликтүү тургун мамлекеттин жардамысыз жана керектүү колдоосусуз калбайт.

Алар бийликтин чек ара көйгөйлөрүн чечүү боюнча кылып жаткан аракеттерин колдой тургандыктарын билдиришти.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө жолугушууда айтылган маселелерди чечүү үчүн бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле бардык объектилерди мерчемделген убакытта калыбына келтирип, куруп бүткөрүүнү талап кылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

696