7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дипломатиялык шаарча куруу үчүн берилген жердеги 800 млн. сомдук көз боёмочулук

439

Бишкек шаарынын  түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан, жалпы аянты 3,80 гектар жер тилкелерине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды даярдоодо жана берүүдө коррупциялык схема түзүлгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1997-жылдын 8-декабрында Тышкы иштер министрлигинин кийлигишүүсүнү менен «Б.К.Р.» ЖЧКсынын директору, ошол эле учурда чет өлкөнүн Кыргызстандагы ардактуу консулу болгон адамга ижара шартында, чет мамлекеттин резиденциясын куруу үчүн аянты 6,8 гектар жер берилгендиги такталган. Ал эми ага ылайык Бишкек шаарынын мэриясы дагы токтом кылган.

Бирок, Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы М.Т. жана ушул эле ведомствонун башка кызмат адамдары жер тилкесине болгон ижара акысын төлөбөгөн, жогоруда аталган «Б.К.Рнын» директору менен кылмыштуу бүтүмгө барышып, 2006-жылдын 1-ноябрында көрсөтүлгөн 6,8 га жердин ичинен 3,80 га болгон 4 жер тилкесине жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларды жасалмалашкан. Аталган жер тилкелеринин баасы 8 жүз миллион сомдон жогору турат.

Ошол эле учурда, чет мамлекеттин резиденциясын курууну негиз кылып алынган жер тилкелерине дипломатиялык шаарчанын долбоору жасалбаган жана курулуш иштери жүргүзүлбөгөн.

«Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамсыз берилген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу максатында, райондук прокуратура Бишкек шаарынын мэриясына ченемдик-укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө прокурордук акт келтирип, чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды», — деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

440