Улукбек Марипов Минскиде КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйын Беларусиянын Минск шаарында өтөт. Анда көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн Өкмөт башчылары катышышып, интеграция жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашат.
Ал арада Улукбек Марипов менен Азербайжандын премьер-министри Али Хидаят оглы Асадовдун эки тараптуу жолугушуусу болот. Алар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкууламакчы.
Мындан тышкары, делегация башчыларын Беларусиянын президенти Александр Лукашенко кабыл алары айтылган.
Кыргыз делегациясынын курамында Улукбек Мариповдун орун басары — экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков, Кыргызстандын Беларусиядагы элчиси, Кыргызстандын КМШ уставдык жана башка органдардагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмек Ибраимов, ИИМдин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев, КМШ Экономикалык кеңешиндеги экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айгүл Рыскулова, Президенттин Администрациясынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков бар.