Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, “Көгүлтүр Ысык –Көл” санаторийинин 60 жылдык мааракесине жана жаңы корпустун ачылышына катышты.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу мекендештер!
“Көгүлтүр Ысык –Көл” санаторийинин кадырлуу эмгек жамааты жана
бүгүнкү салтанаттуу иш-чаранын катышуучулары!
Өзүңүздөр билгендей, өлкөбүздө артыкчылыктуу багыттардын бири катары туризм тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип келебиз. Баарыбызга маалым, Кыргызстан туризм жаатында атаандаштыкка мүмкүнчүлүк берген уникалдуу жаратылыш шарттарына ээ.
Бүгүн мына ошондой мүмкүнчүлүктөрүбүздүн бири — “Көгүлтүр Ысык –Көл” санаторийинин шарттарын жакшыртууга багытталган жагымдуу иш-чарада, башкача айтканда, 97 орундуу жаңы имараттын ачылышында турабыз. Имараттын ачылышы республикага эле эмес, өлкө сыртына дагы жакшы таанымал бул санаторийдин 60 жылдык мааракесине туш болуп жатат.
Мына ушундан улам, баарыңыздарды ары символикалуу кош майрам менен чын дилимден куттуктаймын!
Урматтуу мекендештер!
Акыркы 5 жылда өлкөбүздүн санаториялык‑курорттук тармагынын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын жакшы билесиздер. Бул мекемелер ондогон жылдар бою адамдардын ден соолугун чыңдоого кызмат кылып, өлкөбүздүн маанилүү мурастарыбыздын бири болуп келген.
Бирок убакыт өткөн сайын заманбап башкаруу ыкмаларын киргизүү, натыйжалуу чечимдерди кабыл алуу жана мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу талап кылына баштады.
Анткени буга чейин кандайдыр бир себептерден улам, айрым санаториялык‑курорттук объектилердин потенциалы толук деңгээлде колдонулбай, натыйжада инфратүзүмдүн өнүгүүсү басаңдап, алардын экономикалык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү толук ачылбай келген.
Ушундан улам, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын объектилерин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүү боюнча чечим кабыл алынган. Ал чечим өз убагында кабыл алынганына, туура чечим болгонуна бүгүнкү күндө күбө болуп турабыз.
Болбосо Профсоюздардын карамагындагы санаторийлерибиз, курортторубуз элге кызмат кылмак турсун, өзүнө кызмат кыла албай, колдо бар имараттарын оңдой албаган абалга кептелгени азыр деле элдин эсинен чыга элек.
Ал эми азыр башкаруунун натыйжалуулугу артып, инфратүзүмдү жаңылоо үчүн шарттар түзүлүп, кызмат көрсөтүүнүн сапаты да жакшырууда. Буюрса, санаториялык‑курорттук тармакты өнүктүрүүнүн заманбап жана туруктуу модели калыптанып келе жатат.
Мисал катары, Чүй боорундагы “Ысык‑Ата” санаторийин ала турган болсок, ал жакта да эс алуучулар үчүн шарттар жакшыртылып, санаторийдин инфратүзүмүн өнүктүрүү иштери уланууда.
Ал эми “Жыргалаң” курортунда 37 жаңы коттедж, 4 кабаттуу бир катар корпустар, бассейндер курулду. Эс алуучулар “Жыргалаңдагы” шарттар боюнча социалдык тармактарда жогору баа берип келе жатышканын көрүп жатасыздар.
Буюрса, быйыл “Жети‑Өгүз” санаторийин реконструкциялоо иштери аяктайт деп мерчемдеп жатабыз. Ошондой эле ушул сезондо “Улан” балдардын ден соолугун чыңдоо борбору да жаңыртылган шартта ишин баштайт. Бул борбор өлкөбүздүн булуң-бурчундагы балдарыбыз үчүн эң сонун эс алуучу жай гана болбостон, ар кандай спорт түрлөрү боюнча машыгууларды өткөрүүгө да мүмкүнчүлүк түзүп, ата мекендик спорттун өнүгүшүнө да салым кошмокчу.
Эми “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинин ишмердүүлүгүнө азыноолак токтоло кетейин.
2024-жылдан бери санаторийдин корпустары толугу менен оңдолуп, заманбап жабдуулар жана эмеректер менен камсыз болгон. Спорт аянтчалары, балдар ойноочу жайлар реконструкцияланып, термалдык жылуу булактар ишке кирип, маданий-эс алуу иш-чараларын өткөрүү үчүн амфитеатр жана башкалар курулган.
Санаторийдин тарыхында 40 жылдан бери алгачкы жолу 97 койкалуу орунга эсептелген жаңы корпустун имараты курулуп, бүгүн аны салтанаттуу түрдө ачканы турабыз.
Алдыда жаңы заманбап медициналык борборду куруу планыбызда бар. Мына ушул сыяктуу өзгөрүүлөрдүн натыйжасында санаторий жогорку сапаттагы эс алууну жана калыбына келтирүү шарттарын камсыз кылган борбор катары макамын жаңы деңгээлге көтөрөт деп бекем ишенем.
2023-жылы Профсоюздар федерациясынын башкаруусунда болгон кезде санаторийдин таза кирешеси бир жылда 32 млн сомду түзгөн болсо, 2025-жылы бир жылдык таза киреше 73 млн сомду чапчыды. Бул эки жылга жетпеген убакытта санаторийдин таза кирешеси эки эседен жогору болгондугунан кабар берет.
Ага жараша кызматкерлердин айлык акысы 70%га жогорулады. Биз мындан ары да тармактагы адистердин эмгеги татыктуу бааланып, алардын иштөө шарттарынын жакшырышына кам көрө бермекчибиз.
Ушуну менен бирге бүгүнкү күндө жалпы эле санаториялык‑курорттук мекемелерде эмгектенген кызматкерлерге өзгөчө көңүл бурулат. Көп жылдар бою алардын эмгек акысы да өтө төмөн болуп келген. Бүгүнкү күндө алардын эмгек акыларын этап‑этабы менен жогорулатуу иш-чаралары башталды. Албетте, санаторийлердин финансылык көрсөткүчтөрү өскөн сайын маяналарды көбөйтүү иштери улантылат.
Учурдан пайдаланып, азыр айрымдардын “Президенттин Иш башкармалыгы эми бир топ мекемелерди, анын ичинде Санариптик өнүгүү министрлигин да өзүнө алып, өзүнчө эле Өкмөт болуп алды. Дегеле Иш башкармалыгы көзөмөлдөн чыгып бараткандай” деген сөздөрүнө жооп берип кетейин.
Түз эле айтайын, Иш башкармалыгы эч кандай көзөмөлдөн чыккан жок. Жогорку Кеңеш деген бар, Министрлер Кабинети деген бар, күч органдары бар. Булардын бири айтпаса, дагы бири айтат да, Иш башкармалыгынын ишмердүүлүгү тууралуу. Кантип эле баары Иш башкармалыгынын көзүн карап калсын. Санариптик өнүгүү министрлиги өзүнчө министрлик болуп түзүлгөндүгүнө беш жылдын жүзү болду. Алдына коюлган милдеттерин аткара албай келаткандыгынан улам, анын айрым мекемелерин Иш башкармалыгына берип көрдүк эле, иш кыска аралыкта кадимкидей жыла баштады.
Натыйжада ал министрликти жоюп, анын айрым функцияларын Иш башкармалыкка өткөзүп бердик. Министрлик болуп турганда бюрократия болот экен, же президентке чейин андан ылдый көз карандылык болот экен, муну да туура түшүнүү керек.
Беш жылдан бери кайсы тармакты албайлы, реформа жасабайлы, абдан чоң көйгөйлөр менен коштолуп келе жатат.
Бардык жерлерде кимдир бирөөлөрдүн, мисалы мурдагы чиновниктердин дейбизби, же азыркы чоңдордун дейбизби жеке кызыкчылыктары бар болуп чыгат.
Ал тармакта реформаны жасап баштасаң эле чыр-чатактарды баштайт, блогерлерди жалдайт. Соцтармактарда журналисттерди жалдап, чатак башташат.
Мисалы, Кумтөрдү алалы. 2021-жылы Кумтөрдү алып баштаганда эсиңиздердеби, “кокуй, алганга мүмкүн эмес, 3 млрд ашык доллар төлөйбүз” деп баштаган. “Эл аралык сот кыргыздын соту эмес, бир кой жетелеп барып чечип алгыдай” дешкен. Чечип алдыкпы мына. Кумтөр жүз пайыз өзүбүзгө өттүбү? Өттү.
Мына ошонун эсебинен айлыгыңар көтөрүлүп атат, пенсия-пособие көбөйүп атат. Мына ушундай курулуштар жүрүп жатат. Аскердик техникаларды алып жатабыз, жолдор курулууда. Мектептерди, бала бакчаларды салып жатабыз. Мына жыйынтыгын берип жатат.
Кесиптик бирлик боюнча айтып кеттим. Азыркы видеодо сүйлөгөн сөзүм 2022 же 2023-жыл болуш керек эле. 2021-жылдын аягында бул ишти биз баштаганбыз. Кесиптик бирликти алып, реформа кылып, мына ушундай деңгээлде эрте-эрте баштайлы дегенде, бирликтин ичинен азыр балким ушул жерде отурган айрымдар тээ дүйнөлүк Кесиптик бирликтерге чейин чыгып, ал жактан делегация келип, мага каттарды жаадырышып, Европадан чалышып, бут тосушкан. Анан “макул, убакыт керек” деп, биз ишибиз менен далилдейли деп “Жыргалаң” курортун жасаганбыз.
“Жыргалаң” Кесиптик бирликте болчу, анан айыл өкмөт менен соттошуп, утуп, айыл өкмөттүн балансына өткөрүп туруп, ал жерди жасап туруп, мисал келтиргенде ушул сөздү сүйлөгөнмүн. Ошондон кийин баарын алганга туура келди. Болбосо ага чейин тоскоолдуктар аябай көп болду. Аэропорт менен темир жолду алалы.
Темир жол өзүбүздүн кирешеден, эч кандай тышкы каражат жок, бюджеттин каражаты жок, темир жолдон түшкөн таза киреше менен учурда курулушу Кочкорго жетти. Кудай буюрса, алдыда Кара-Кечеге чейин жетебиз.
Аэропортторду көзөмөлгө алып, салып баштаганда, буга да бакырып чыгышкан. “Жок, болбойт. Мунун акчасы түздөн-түз бюджетке түшүш керек” дешкен. Бүгүнкү күнгө чейин менин көзөмөлүмдө турат. 11 аэропортту жаңыладык. 12-син жаңы аэропортту Жалал-Абадда салып жатабыз. Отура берсек, муну да кыла албайт элек.
Чек ара маселеси. Билесиздер, биздин пайдабызга чечилип жатса, кыйкырып чыгышкан. “Болбойт” дешип эптеп эле токтотууну каалашкан. Чыр-чатак болуп жүрө берсе дешкен.
“Унаа” кызматы маселеси боюнча айтсак. Айдоочулук күбөлүктөр боюнча баарыңыздар билесиздер. Соцтармактардан, маалымат каражаттарынан көрүп жатасыздар, жолго түшүп, бир тартипке келип калды.
Мына азыр түш чендерде веложол менен аягына чейин барып келдим. 14 чакырым бүтүптүр. Ушуну баштаганда да кыйкырып чыгышкан. Блогерлер, саясатчылар, журналисттер “эмне кереги бар, ким колдонот” деп чыгышкан. Эми киши батпай экен. 2 саат ошол жерде жүрдүм. Ошондуктан, урматтуу мекендештер, ар кандай реформаларды жасаганда ызы-чуу чыгаргандардын экинчи тарабын дагы эсиңиздерге тутуп коюңуздар.
Урматтуу мекендештер! Биз санаториялык‑курорттук тармакты өнүктүрүүнү улуттун саламаттыгына жана өлкөнүн келечегине болгон инвестиция катары карайбыз. Биздин максат — өлкөнүн жаратылыш потенциалын натыйжалуу пайдалануу аркылуу элибиздин ден соолугун чыңдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү жана региондордун экономикалык абалын жакшыртуу.
Бул багыт улутубуздун саламаттыгына, аймактарыбыздын өнүгүшүнө жана өлкө экономикасынын өсүшүнө түздөн‑түз байланыштуу болгондуктан, санаториялык‑курорттук тармакты өнүктүрүү боюнча бардык негизги процесстер жеке көзөмөлүмдө турат. Азыр биз ушундай темпти сактап, алдыга ишенимдүү кадам таштообуз өтө маанилүү.
Сөзүмдүн соңунда «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинин эмгек жамаатын 60 жылдык мааракеси жана жаңы имараттуу болушу менен дагы бир жолу куттуктаймын! Санаторий кандай жаркырап турса, мунун баары сиздердин жалпы эмгегиңиздер деп билем. 60 жылдык байсалдуу жолду басып өткөн бул эс алуучу жайды мындан ары кийинки муундарга мыкты деңгээлде өткөрүп берүүгө баарыбыз жан үрөйлү. Керемет жерибиздин мүмкүнчүлүгүн туура пайдалануу менен жаркын келечекке умтулалы.
Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат, жаңы-жаңы демилгелерди каалайм. Сиздер келечекте дагы көптөгөн жетишкендиктерге жетесиздер деген ишеничтемин. Жетишилген ийгиликтер сүйүктүү Кыргызстаныбыздын жана келечек муундарыбыздын бакубатчылыгы үчүн кызмат кылсын! Майрамыңыздар менен!”.



