7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент мал-жандыкка салык салуу демилгесин колдобойт

734

Президент Садыр Жапаров мал-жандыкка салык салуу демилгесин колдобойт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Жогорку Кеңештин депутаты тарабынан демилгеленип жаткан мал-жандыктарга салыктын түрүн киргизүү сунушу коомчулукта терс пикирлерди жаратууда.

Орунбек мындай демилгени мамлекеттик бийликтин позициясы катары түшүнүп алгандар дагы жок эместигин кошумчалады.

Ага байланыштуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы төмөндөгүлөрдү билдирет:

«Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2022-жылдын апрель айында фермерлер жана дыйкандарга жеңилдиктер берилген. Анда айыл-чарба багытындагы пайдаланган жерлер 3 жылга салыктан бошотулган. Аталган мөөнөт аяктагандан кийин жер салыгынан бошотуу тууралуу маселе кайра каралат. Демек, президент Садыр Жапаров фермерлерге жана дыйкандарга жеңилдик шарттар түзүлүшү керек деп эсептейт. Ошондой эле, депутаттардын мал-жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобой турганын маалымдайбыз».

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

735