7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент мектепте телефон колдонуу балдарга терс таасирин тийгизип жатканын айтты

694

13-мартта президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында мектепке чейинки жана мектептердеги билим берүүнү өнүктүрүүгө арналган жыйын өттү. Анда өлкө башчы окуучулардын телефон колдонушу окуу процессине терс таасирин тийгизип жатканын айтты.

Мамлекет башчысы мектептерди санариптештирүү процессин тездетүүнүн жана окуу процессине заманбап технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мектептерде чөнтөк телефондорду колдонууга тыюу салган эл аралык практикага көңүл бурууну тапшырды. Садыр Жапаров мектеп окуучуларын окуу процессинен алаксыткан чөнтөк телефондордун пайдасы жана зыяны тууралуу кеңири коомдук талкууну жайылтууга чакырды. Президент билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын чөнтөк телефондорду колдонуусу окуу процессине терс таасирин тийгизип жатканына көңүл буруп, окуучулардын ата-энелери менен биргеликте туура чечим кабыл алышы керектигин белгиледи. Жыйындын соңунда мамлекет башчысы Кыргызстанда мектепке чейинки, мектептердеги жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди»,- деди өлкө башчы.

695