7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК мурдагы айыл чарба министри Эркинбек Чодуевди кармады

417

Мурдагы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

«Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)» туралуу каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, мурдагы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Э.Ч. «Лиматекс пахта корпорациясы» ЖЧКсынын аткаруучу директору болуп туруп, компаниянын Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жайгашкан, жалпы аянты 50 гектардан ашык жер участокторун мыйзамсыз менчиктештирүү жолу менен жеке тараптарга сатып жибергендиги аныкталган. Келтирилген зыян алдын ала 500 млн сомго бааланууда.

Топтолгон далилдердин негизинде мурдагы министр кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда аталган коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

 

418