7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент ОшМПУнун жаңы корпусунун курулушун бүткөрүүнү тапшырды

706

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июлда, Ош шаарына жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жаңы корпусунун курулушу менен таанышты.

Мамлекет башчысына жаңы беш кабаттуу объекттин курулушу 2021-жылдын ноябрында башталганы маалымдалды.

Аталган окуу имаратынын жалпы аянты 3,6 миң чарчы метрди түзөт. Ага 54 окуу бөлмөсү, китепкана, ашкана, конференц-зал жана компьютердик класс кирет. Жаңы имараттын долбоорунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана улгайгандар ЖОЖго тоскоолдуксуз кириши үчүн пандустарды жана лифттерди орнотуу каралган.

Университеттин жаңы имаратында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын студенттери үчүн педагогикалык адистик боюнча гана окутуу жүргүзүлөт.

Мугалимдик кесиптин өзгөчө ролун белгилеп, Садыр Жапаров имараттын курулушун 2023-2024-жаңы окуу жылынын башталышына карата бүткөрүүнү тапшырды.

Мамлекет башчысы келечекте аталган окуу жайдан өсүп келе жаткан муунга пайдалуу билим бере ала турган жогорку квалификациялуу педагогдор чыгышын каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

707