Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 30-июль күнү саат 16:20да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Аркыт айылында жана Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Көл айылында 3 баллга чейин сезилген.
Ошол эле күнү саат 17:08де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөө Кара-Калжа районунун Сары-Булак айылында жана Көл тилкесинде 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.