7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

466

Президент Садыр Жапаров дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Анын айтымында, кыргызстандык спортчулар ири эл аралык мелдештерде, дүйнөлүк чемпионаттарда жеңишке жетишип, элдин сыймыгы болуп, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоодо өрнөк көрсөтүшүүдө.

Мындан тышкары, Олимпиада оюндарында, Азия оюндарында, Паралимпиада оюндарында өлкөнү татыктуу көрсөтүп келүүдө.

«Токиодо өтө турган ХХХII Жайкы олимпиада оюндарына 5 спортчу лицензия алды. Алар Олимпиада оюндарында жеңишке ээ болуп, пьедесталга көтөрүлө алат деп терең ишенем. Түркияда боло турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын спортчулары өлкөбүздүн туусун бийик көтөрөт деп зор ишеним артабыз. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ар дайым өлкөбүздүн атын чыгарып, элибиздин сыймыгы болуп кала берет«.

Жапаров улуттук спортчуларга эл аралык аренада жеңишке жетишүүсү үчүн зарыл шарттар түзүлөрүн айтат. Мындан тышкары,  эмгек шарттарын жакшыртуу мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп каларын белгилейт.

«Дене тарбиянын жана спорттун мамлекетти өнүктүрүүдөгү маанилүүлүгүн жакшы түшүнөм, ошол себептен менин биринчи Жарлыгым инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө болду. Сергек жашоо мүнөзүн жана дене тарбияны пропагандалоо иштерин жүргүзүп жаткан коомдук институттарга мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт».

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

467