7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент «Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө» мыйзамга кол койду

719

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө»  конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 30-сентябрында кабыл алынган. Конституциялык мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин статусу, түзүү тартиби, уюштурулушу жана иш аракети аныкталат.

Аталган мыйзамда, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө”, ушул конституциялык мыйзам жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган компетенциясы менен, Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо кеңешинин укук улантуучусу болору каралган.

Белгилей кетсек, мыйзам менен үчтөн экисинен аз эмеси судьялардын эсебинен куралган Кеңештин курамынын саны өзгөрдү (12 мүчөсүнүн ордуна 9). Анын үчтөн бир бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин, Элдик Курултайдын жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү түзөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

720