7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Түп районунун алыскы жергесинде жаңы чек ара бекетин ачты

451

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Түп районунун Каркыра жергесинде жайгашкан жаңы «Чаар-Кудук» көзөмөл-өткөрмө пунктун ачты.

Өткөрүү пунктунун курулушу 2023-жылдын сентябрында башталып, чек аранын алыскы тилкелерин коргоо үчүн жашоого жана кызмат өтөөгө зарыл болгон бардык шарттар менен жабдылган.

Жаңы бөлүктүн өздүк курамы деңиз деңгээлинен 2280 метр бийиктикте жайгашкан чек аранын алыскы жана кыйла татаал тилкесин кайтарат жана «Каркыра» чек ара кызматына тиешелүү.

Аталган бекеттин чек арачылары чек араны кайтаруудан тышкары, чет элдик жана ички туристтерди көзөмөлдөө жана «Үч-Суу», «Кичи-Чоң-Жыңалач» жана «Турук» жайлоолоруна кире беришинде мамлекеттик чек арада чек ара режимин сактоону ишке ашырат.

Садыр Жапаров чек арачылардын көңүлүн өзгөчө кызматтык тартипти жана аскердик этиканы сактоого, аларга жүктөлгөн милдеттерди так аткарууга бурду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

452