7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Түркмөнстандагы Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусуна катышат

639

Президент Садыр Жапаров 5-6-августта Түркмөнстанда өтө турган Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышат.

Жолугушууда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү региондук кызматташтык маселелерин, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чараларды талкуулашат.

Жолугушуунун жыйынтыгында Борбор Азия мамлекет башчыларынын Биргелешкен билдирүүсү кабыл алынары пландалууда.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Мындан тышкары, кыргыз делегациясы Борбор Азия мамлекет башчыларынын кезектеги консультативдик жолугушуусунун алкагында мүчө-мамлекеттердин экономикалык форумуна, региондогу өлкөлөрдүн лидер аялдарынын форумуна, ошондой эле Борбордук Азиянын улуттук өндүрүштөгү товарларынын жана улуттук тамактарынын көргөзмөсүнө катышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

640