Электр энергиясына болгон тариф 2022-жылдын апрелине чейин өзгөртүүсүз калтырылды. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, электр энергиясынын башчысы президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунда учурдагы тарифти калк үчүн 2022-жылдын апрелине чейин өзгөртүүсүз калтыруу чечими кабыл алынган.
Башкача айтканда, 1 кВт саат үчүн 77 тыйын. Ал эми 700 кВт сааттан жогору 2 сом 16 тыйын. Тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн мурда коюлган 1000 кВт саат лимити алынып салынды.
Министрликтен кошумчалашкандай, турак жай эмес керектөөчүлөр үчүн тарифтер кайра каралып чыгат.