7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Тышкы карыз ИДПнын 39 пайызын түзөт

243

Өлкө башчы Садыр Жапаров билдирүү жасап, анда ар бир өлкөнүн тышкы карызы ички дүң продукцияга (ИДП) карата өлчөнөрүн эске салып, акыркы жылдардагы олуттуу өзгөрүүлөрдү белгиледи.

“Жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берейин. Ар бир өлкөнүн тышкы карызы ички дүң продукциясына (ИДП) карата өлчөнөт. Эгер 2020-жылга чейин биздин тышкы карызыбыз ИДПнын 120 пайызын түзүп келген болсо, бүгүнкү күндө жалпы карызыбыз ИДПбыздын 39 пайызын түзөт.

Бул санды келечекте эң көп болсо 50 пайыздан ашырбашыбыз керек деген тапшырманы өкмөттүн алдына койгом. Ар бир алынган карыз мурдакыдай кумга сиңген суудай болуп кетпестен көрүнүктүү, 100 пайыз көзөмөлгө алынган, келечекте өз карызын өзү жапкан долбоорлорго жумшалып жатат.

Көп эле өлкөлөр ИДПсынын өлчөмүнөн 100 пайыздан ашып кетишкен. Бирок биз аларды үлгү кылбашыбыз керек”,- деди Жапаров.

244