7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуу-Памирде Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы белгиленди

244

Түркиянын Ван облусундагы Улуу-Памир айылында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган XII маданий фестиваль өттү.

ТИМден билдиришкендей, иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Түркиянын бийлик өкүлдөрү, депутаттар, этникалык кыргыздар жана маданият өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар кыргыз-түрк элинин тарыхый жана маданий байланышын белгилеп, Улуу-Памирде жашаган кыргыздардын улуттук каада-салтты, эне тилди жана маданий мурастарды сактоодогу ролуна токтолушту.

Фестивалдын алкагында кыргыз чыгармачыл топторунун концерти, улуттук оюндар, кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулду.

245