7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент улуттук кураманын башкы машыктыруучусуна көңүл айтты

512

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичке атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Сизге жана үй-бүлөңүзгө терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготууңузду тең бөлүшөм. Бала кезиңизде спортко болгон шык-жөндөмүңүздү байкап, келечекте белгилүү футболчу болуп чыгышыңызга атаңыздын салымы чоң экенин жакшы билебиз. Жогорку деңгээлдеги футболчу, машыктыруучуну тарбиялаган атаңызга терең таазим этип, ушундай азалуу күндө дагы кыргыз элинин үмүтү болгон Улуттук курама команда менен чогуу болгонуңузга ыраазычылык билдирем. Футболчуларыбыз алдыдагы оюнга даярданып жаткан учурда тагдырдын оор сыноосуна карабай, Улуттук команда менен бирге болуу чечимиңизди футболчуларыбыз да, спорт күйөрмандары да – жалпы эле кыргыз эли жогору баалайт деп бекем ишенем. Башкы машыктыруучунун мындай мамилесин түшүнгөн футболчуларыбыз, алдыдагы мелдеште татыктуу оюн көрсөтөрүнө үмүт артам”, — деди өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын футболчулары Кытайдын Тайбэй курама командасы менен беттешүүсү күтүлүүдө.

513