7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Жапаров көп улуттуу афган элине жардам көрсөтүүгө чакырды

707

Президент Садыр Жапаров көп улуттуу афган элине ар тараптуу жана азык-түлүк боюнча колдоо көрсөтүүгө чакырды. Бул тууралуу президент бүгүн, 15-октябрда, видеоконференция форматында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

«Дүйнөдөгү жагдай тездик менен алмашууда. Бүгүнкү күндүн реалдуулугу пайда болуп жаткан чакырык жана коркунучтарга өз убагында реакция кылуу үчүн күч-аракеттерди консолидациялоо зарылдыгын талап кылууда.

Эл аралык терроризм, экстремизм, мыйзамсыз миграция жана чек ара аралык кылмыштуулук өңдүү дестабилдештирүүчү факторлордун болушу, ошондой эле социалдык-экономикалык жана азык-түлүк кризисинин мындан аркы курчушу Афганстанда гуманитардык катастрофага алып келиши мүмкүн.

Бул өз кезегинде аталган өлкөдө граждандык согушка алып келиши мүмкүн, анда ал Борбор Азиянын жана Жакынкы Чыгыш региондорунда абалды чыңалтып, дестабилизациялашы ыктымал», — деди ал.

Ошондой эле президент Афганстан элине гуманитардык жардам жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштап, мындай акция КМШнын эл аралык аренадагы аброюн бекемдөөгө жана бул өлкөдөгү стабилдүүлүктүн калыбына келишине салым кошоруна ишенимин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

708