7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Жапаров Аскар Акаев Кумтөрдү Кыргызстанга алууга жардам бергенин айтты

921

Аскар Акаевге бир дагы кылмыш иши козголгон эмес экен. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

«Кылмыш иши козголбогондон кийин издөөдө болгон эмес. Ошондуктан “Кумтөрдү” “Центеррадан” талашып жатканда көрсөтмө берип кетиңиз деп атайын чакырганбыз. Камалбасына кепилдик бергенбиз. Кепилдик бербесек дагы камаганга эч кандай юридикалык негиздер жок эле. Келди, сурак берип кетти. Ал кишинин суракта берген көрсөтмөлөрү “Кумтөрдү” Кыргызстанга алганга абдан пайдасы тийди. Анткени ошол мезгилде мамлекет башында турган болчу. Ошол мезгилде кетирген каталарын дагы ушул жерден оңдоп кетти десем болот. Азыр дагы кеч эмес. “Кумтөр” мындан ары дагы 30-40 жыл Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштейт. “Кумтөрдүн” алтыны дароо элдин пайдасына иштей баштады. Эмгек акы, пенсия-жөлөкпулдарды дароо эселеп көтөргөнгө жардам болду.

Ал эми “Кумтөр” сыяктуу маселеде оң жолду таап, айыл-чарба, мал-чарбачылыктарын чачыратпай сактап калса болмок. Бул өзүбүздөн көз каранды эле. “Иштебеген киши жаңылбайт” дейт. Иштеген киши сөзсүз кемчилик кетирбей койбойт. Жакшы жактарын дагы айтып коюшубуз керек. Биринчилерден болуп улуттук валютабызды жүгүртүүгө киргизген. Бул жерден абдан көрөгөчтүк кылган. Азыркыга чейин биздин валютабыз чөлкөмдөгү күчтүү валюта болуп, кунун жоготпой келе жатат. Бул ошол убактагы абдан чоң жетишкендик болгон»- деди президент.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

922