Президент жарандарды мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга чакырды
6
Бир жаран 100 миң сомдук баалуу кагаз сатып алса, эки жыл ичинде 34 миң сом пайыздык киреше алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
«Бүгүн мен ар бир жараныбыздын финансылык абалын жакшыртууга жана алардын Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуусуна мүмкүнчүлүк бере турган маанилүү демилге менен чыгып жатам. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети калк үчүн жылдык 17 пайыздык киреше менен мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырды.
Эми ар бир жаран аларды мобилдик тиркеме аркылуу сатып ала алышат. Тагыраак айтканда, ар бир жаран мамлекеттик баалуу кагаздарды «MegaPay» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн режиминде оңой эле сатып ала алат. Жалпак тил менен айтканда, финансылык мекемелерге барып, убакыт коротпой эле, ар кандай документтерди толтуруп убара болбой эле инвестиция жасай алат.
Салган акча каражаты эки жылдан кийин толугу менен кайтарылат. Ошол эле учурда жарандар жылына 17 пайыз өлчөмүндө киреше алып турушат. Киреше төлөмдөрү ар үч ай сайын, башкача айтканда квартал сайын төлөнүп берилет. Мисалы, бир жаран 100 миң сомдук баалуу кагаз сатып алса, эки жыл ичинде 34 миң сом пайыздык киреше алат. Бул каражат квартал сайын 4 миң 250 сом өлчөмүндө төлөнүп турат. Ошентип эки жылдын соңунда салынган 100 миң сом 134 миң сомго айланат.
Белгилей кетсек, мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү көпчүлүк банктык депозиттерге караганда жогору турат. Жакын арада мамлекеттик баалуу кагаздардын кайра сатуу функциясы иштелип чыгат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарына мамлекет тарабынан кепилдик берилгендиктен эң ишенимдүү инвестициялык инструменттердин бири болуп саналат. Ошондуктан мен ар бир жараныбызды аталган демилгени колдоп, ага жигердүү катышууга чакырам», — деп белгиледи президент.