7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент ЖЭБдеги авариядан жабыркагандардан кабар алды

569

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-февралда, Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборун калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Ал жакка барганында мамлекет башчысына Жылуулук электр борборунун толук кандуу ишинин бузулушуна алып келген штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

Садыр Жапаров тез арада үйлөрдү жана социалдык объектилерди жылуулук менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүнү, ошондой эле ЖЭБдин иши толук калыбына келтирилгенге чейин ыкчам маалымат берип турууну тапшырды.

Мындан тышкары, президент штаттык эмес кырдаал толугу менен жоюлганга чейин атайын кызматтардын ишин күчөтүлгөн тартипке которууга буйрук берди.

Бишкек ЖЭБине барганында аны Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, энергетика министри Таалайбек Ибраев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана профилдик мамлекеттик органдардын өкүлдөрү коштоп жүрдү.

Андан соң мамлекет башчысы Клиникалык медициналык тез жардам ооруканасына барып, Бишкек ЖЭБдеги штаттык эмес кырдаалдын кесепетинен жабыр тарткандардын ал-акыбалын сурады.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Садыр Жапаровго бейтаптардын абалы тууралуу маалымат берип, бардык зарыл болгон медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Жабыркагандар күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат.

Президент бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалап, медициналык кызматкерлерге ыкчам чараларды көргөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

570