7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары эки айга камакка алынды

724

Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасы аныкталып, УКМКнын тергөө абагына 16-августка чейин камакка алынды. Мындай чечимди 18-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Анын тарапташтары райондук соттун имаратынын алдына чогулуп, Салиевди үй камагына чыгарууну талап кылышты. Адвокат Жыргалбек Бабаев журналисттерге Салиев коюлган айыпты моюндабай турганын билдирди.

Атайын кызмат аны 16-июнда Жазык кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен козголгон кылмыш ишинин негизинде кармаган.

УКМК Салиев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда артыкчылыктардан пайдаланып, соттордун ишине активдүү кийлигишкени, расмий кирешесине дал келбеген мүлктү сатып алганы аныкталганын маалымдаган.

Алмамбет Салиев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп 2017-жылдын 11-декабрынан тартып 2020-жылдын октябрь айына чейин иштеген. Бул кызматта турганда анын дарегине «бийликтеги таасирдүү адамга айланды, сотторду жана күч органдарын жапырт көзөмөлдөйт» деген сын айтылып келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

725