Алдыдагы Президенттик шайлоого карата Республикалык штаб менен БШК атайын алгоритм иштеп чыкты. Бул тууралуу маалыматты брифинг учурунда Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.
«Андагы талаптарды шайлоо комиссиялары, жергиликтүү бийлик органдары аткарышы керек. Документте үгүт иштери, добуш берүү учурунда аткара турчу эрежелер жазылган», — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, Үсөнбаев бардык кыргызстандыктарды шайлоо кампаниясы учурунда санитардык эрежелерди карманууга чакырды.