7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин Администрациясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

1065

Президенттин Администрациясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын Президенттин Администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы “А.Т.Б.” экендиги аныкталган.

«А.Т.Б.» кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке өзүнө пайда алуу максатында, соттолгон адамдын маселесинин оң тарапка чечүү жана ырайым кылынуучу адамдардын тизмесине киргизем деп “С.Н.” аттуу жарандан 170 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталды.

«2021-жылдын 18-октябрында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 170 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен  “А.Т.Б.” кармалып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө жүрүүдө», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1066